БИОЛОГИЯЛЫК ОТУН
БИОЛОГИЯЛЫК ОТУН , б и о о т у н – ажыроо процессинде жылуулук бөлүнүүчү түрдүү орг. материалдар. Ал жылытманы (теплица), күнөскананы (парник) ж-а топуракты жылытуу үчүн колдонулат. Б. о. катары жылкы, уй ж-а койдун кыгы, турмуш-тиричилик таштандысы, жыгач таарындысы, текстиль өнөржайынын калдыктары, чирибеген чымкөң колдонулат. Б. оду кеч күздө тегерегин өз өзүнчө бекитип, ныктап, үстүнкү бетин жаап, темп-ра 0–10°Сде кармалат. Керектөөгө 2–3 жума калганда майдаланат. Түтөшүн тездетүү үчүн нымдуу кык кургагы м-н аралаштырылат. Эгерде 1 жумада түтөп чыкпаса, анда ысытылган таш же өчүрүлбөгөн акиташты арасына коюш керек.