БИОЛОГИЯЛЫК ЧЫПКА
БИОЛОГИЯЛЫК ЧЫПКА , б и о ф и л ь т р – агын сууларды, зыяндуу газдарды тазарткыч организмдердин жардамы м-н тазалоочу курулма. Бул көңдөйлүү материалдар, шлактар м-н толтурулган резервуар. Ал аркылуу агын суулар чыпкаланат. Шлактын катмарында микроорганизмдер ж-а жөнөкөйлөр өөрчүп, биологиялык плёнканы түзөт. Тирүү организмдер агын суудагы эриген ж-а коллоиддик заттарды адсорбциялап, окистендирет ж-а минералдаштырат.