БИОЛОКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОКА́ЦИЯ (био... ж-а лат. loso – жайгаш­тыруу) – тирүү организмдердин өзүнүн же кан­дайдыр бир нерсенин мейкиндиктеги ордун физ. толкундар (электр-магниттик, үн, жылуулук) аркылуу аныктоо жөндөмдүүлүгү. Б. сүтэмүүчү­лөр, куштар, көпчүлүк балыктарга ж.б-ларга мүнөздү. Алар Күн, Жылдыз, Жердин магнит талаасы ж. б. табигый факторлор аркылуу да багытын аныкташат. Мис., жарганаттар ульт­раүн толкундары, ал эми деңиз ташбакалары геомагниттик талаадан берилүүчү сигналдарды туюу аркылуу багытын жакшы табат. Б. м-н бионавигация (жаныбарлардын өзүлөрү жаша­ган аймагында жыл мезгилдерине, миграция­сына ж-а көбөйүшүнө байланыштуу багыт алы­шы) тыгыз байланышта. Б. Үсөнканов.