БИОЛОКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОКА́ЦИЯ (био... ж-а лат. loso – жайгаш­тыруу) – тирүү организмдердин өзүнүн же кан­дайдыр бир нерсенин мейкиндиктеги ордун физикалык толкундар (электр-магниттик, үн, жылуулук) аркылуу аныктоо жөндөмдүүлүгү. Биолокация сүт эмүүчү­лөр, куштар, көпчүлүк балыктарга ж.б. мүнөздү. Алар Күн, Жылдыз, Жердин магнит талаасы ж. б. табигый факторлор аркылуу да багытын аныкташат. Мисалы, жарганаттар ульт­раүн толкундары, ал эми деңиз таш бакалары геомагниттик талаадан берилүүчү сигналдарды туюу аркылуу багытын жакшы табат. Биолокация м-н бионавигация (жаныбарлардын өзүлөрү жаша­ган аймагында жыл мезгилдерине, миграция­сына ж-а көбөйүшүнө байланыштуу багыт алы­шы) тыгыз байланышта.

Б. Үсөнканов.