БЕЙШЕКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 19 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕКЕ – Талас облусунун Кара-Буура районунда­гы кыштак. Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу. Сарымсакты бөксө тоосунун этегинде, Талас ка­налынын боюнда, деңиз деңгээлинен 887 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 16 км. Маймак (Казакстан) темир жол бекетинен 65 км. 1930-жылы отурукташкан. Кал­кы 2212 (2022); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала ­бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, китепкана, соода түйүнү, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган.