БЕЙШЕКЕ ТУРГУН ЖАЙЫ
БЕЙШЕКЕ ТУРГУН ЖАЙЫ – X–XII кылымдарга таандык эл отурукташкан жайдын калдыгы. Талас өрөөнүндөгү Бейшеке кыштагында. Эки бөлүктөн турат. Биринчиси тик бурчтуу формада, аянты 160x200 м. Экинчи бөлүгү толугу менен сакталбай калган, аянты болжол менен 260x270 м. Экөө тең чеп менен курчалган.