БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 4 Март (Жалган куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕНАЛИЕВ Шүкүрбек (25. 10. 1928, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Куртка кыштагы – 22. 5. 2000, Бишкек) – жазуучу, драматург, публицист, Кыр­гыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин искусст­восуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1982). Бейшеналиев 1943-жылы Нарын шаарында ачылган алты айлык мугалимдер кур­сунда окуп, орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.

Нарын педагогикалык окуу жайын (1946), КМУнун филология факультетин (1952) бүт­көн. 1952–53-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тил, адабият ж-а тарых ин­ститутунда илимий кызматкер, «Жаш ленинчи» журналына редак­тор (1953), Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары (1954), «Ленинчил жаш» гезитинин редактору (1956–59) болуп иштеген. 1962–64-жылдарда СССР жазуучулар союзунун алдындагы жогор­ку адабий курсту бүтүргөндөн кийин Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, чет өлкөлөр м-н достук ж-а маданий байланыштын Кыргызстан­дагы коомунун президиумунун төрагасынын орун басары ж-а төрагасы болгон. Бейшеналиевдин чыгармачылы­гынын башталышы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келген. Анын 12–13 жашында фронтко жылуу кийим камдагандар тууралуу алгачкы чакан макаласы 1941-жылы «Колхозчу» аттуу райондук гезитке жарыяланган. 1950- жылдардан «Чыныгы достук», «Алкыш», «Кы­чан» сыяктуу прозалык чыгармаларды жара­тып, балдар жазуучусу катары таанылган. «Чы­ныгы достук» повести (1950) балдарга арналган чыгармалардын республикалык конкурсунда 1-сыйлыкка та­тыктуу болгон. Кийин «Ак тайлак», «Табыш­макчы Чынара», «Чабалекей», «Тоо ханшасы», «Сарыбайдын уулу», «Сүзөнөөк козу» аңгемелери жарык көргөн. Бейшеналиевди жаш окурмандарга таа­ныткан «Мүйүздүү козу» аттуу повести болду. 1976-жылы повестке эл аралык Андерсен атындагы сыйлык, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Ал дүйнө элдеринин 40тан ашуун тилине которулган. Жазуучу бөбөктөрдүн көркөм дүйнөсүн, психологиясын, аларды тол­кунданткан ойлорду мыкты сезе билген. Бейшеналиев – чет элдик бөбөктөрдүн турмушун сүрөттөгөн «Ат жалында секелек», «Даниялык дептерден» ат­туу чыгармалардын автору. 1953-жылы жарык көргөн «Алкыш» повестинин башкы каарман­дары – мектеп курагындагы балдар. Алардын ичинен Абдылас – мезгил талабына ылайык төрт тарабы келишкен идеалдуу каарман. Ав­тор аны жигердүү, демилгелүү, өз теңтушта­рынан турмуштук зарылдыктарды эрте айыр­малоого акылы жеткен өспүрүм катары көрсө­төт. «Кычан» повести жарыкка чыгары (1956) м-н эле коомчулуктун назарына түшүп, бүткүл союздук адабий аренада ийгиликке жетишип, окурмандар м-н сынчылар арасында оң баага татыктуу болгон. Повесть СССР элдеринин тил­дерине которулуп, жазуучунун ысмын союздук масштабга тааныткан. Бул чыгармага автор экинчи жолу кайрылып, 1967-жылы аны бир топ алымча-кошумчалар м-н жарыялаган. «Карлы­гач» (1959) повестиндеги жаш кыздын айыл чарбасында калуу демилгеси кийин коомчулук тарабынан иштиктүү ой катары бааланып, массалык кый­мылга айланган. Балдар темасындагы чыгар­маларынын бири болгон «Аманат» повести (1975) алгач «Данакер» деген ат м-н 1969-жылы жарык көргөн. Повесттин сюжеттик өнүгүшүндө ж-а окуялардын чиеленишинде детективдик жанрдын айрым элементтери пайдаланылган. Бул повесттин негизинде 1979-ж. «Аманат» ат­туу көркөм фильм тартылган. «Кордун тукуму» (1965) повести 1960–70-жылдардагы повесть-экилтик, повесть-үчилтик сыяктуу көркөм про­цесстин башатын түзсө, «Болот калем», «Жара­ланбаган жаралуулар», «Тайлак баатыр» сыяк­туу чыгармаларында өткөн м-н бүгүнкүнүн ор­тосундагы байланышты таба билген. Бейшеналиевдин ро­ман жанрындагы чыйыры «Таалай жолунан» (1957) башталган (2-китеби 1962-ж. жарыкка чыккан). Роман согуштан кийинки учурду, ай­рыкча окуп, билим алууга умтулган жаштар­дын турмушун чагылтат. «Урпактар үнү» (1969) роман-публицистикасы кыргыз интеллиген­циясынын турмушун көркөм чагылткан жаңы­чыл чыгарма. «Даңкка жараша жүк» (1973) ро­манынын өзөгүнө Социалисттик Эмгектин Баатыры Ракмата­лы Сартбаевдин жашоо-турмушу негиз болгон. «Болот калем» романы (1-китеби 1981; 2-ките­би 1983), кыргыз элинин белгилүү жазгыч акын­дарынын бири, манасчы Тоголок Молдонун (Ба­йымбет Абдрахманов) өмүр жолун, индиви­дуалдуу тарыхый жүзүн көркөм чагылдырууга арналган. Ошондой эле «Кайра жашарган өмүр» аттуу тарыхый драмасын, «Тайлак баатыр» (1998) по­вестин, «Тагдыр сырлары» (1998) аттуу макала­лар, эскерүүлөр жыйнагын жараткан. Бейшеналиев дра­матург катары да таанымал болгон. Анын «Уядан учкандар» (1955), «Тоо ханшасы» (1962), «Тоо койнундагы гүл», «Мейман», «Кайра жа­шарган өмүр», «Дос», «Уста жана шакирттер», «Бойдоктор» сыяктуу ондогон пьесалары бар. Л. Толстой, М. Шолохов, К. Фединдин аңге­мелерин, А. П. Чеховдун ж-а Г. Ибсендин пье­саларын кыргыз тилине которгон. Анын «Кы­чан», «Мүйүздүү козу», «Сүзөнөөк козу», «Ак тайлак» ж. б. бир катар чыгармалары орус, англис, араб, хинди, француз, болгар, испан, бенгал, перс, урду, малай, пенжаб тилдеринде жарык көргөн.

Ад.: Абдраимов Ж. Чыгармадагы турмуш. Адабий сын макалалар, рецензиялар. Ф., 1981; Артыкбаев К. Мезгил элестери. Ф., 1988; Асаналиев К. Көркөм нарк. Ф., 1988; Давыдова Т. Т. Современная киргизская повесть. Ф., 1989; Кыргыз совет адабиятынын тары­хы. 1–2-т. Ф., 1987, 1990; Түлөгабылов М. Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы. Б., 1991; Кыргыз ада­биятынын тарыхы. 7-т. Б., 2002.

Д. Андашев.