БЕК-ЖАР
БЕК-ЖАР – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 59 км түндүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 41 км. Деңиз деңгээлинен 1240 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 962 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, поликлиника бар.