БЕКМУРАТОВА
БЕКМУРАТОВА Салима Саидовна (17. 12. 1932, Ош облусу, Кара-Суу району, Жылкелди кыштагы – 13.10.1995, Бишкек) – опера ырчысы (лирикалык сопрано), Кыргыз ССР эл артисти (1973).

Бекмуратова Москвадагы П. И. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияны бүткөндөн кийин (1952) А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында, 1977- жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенген. Ал Орто Азия республикалары менен Казакстан ырчыларынын ичинен биринчи болуп, 1953-жылы Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 4- фестивалында Алтын медалга татыктуу болгон, ырчылардын Бүткүл союздук конкурсунун дипломанты (1957).

Бекмуратова дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун операларынан 30дан ашык партия аткарган: Баттерфляй (Ж.Пуччини,«Чио-чио-сан»), Виолетта, Жильда (Ж. Верди, «Риголетто», «Травиата»), Гүлчехра (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Айчүрөк, Тотуя (А. Малдыбаев, В. Власов жана В. Фере, «Айчүрөк», «Токтогул»), Айнажан (М. Абдраев, «Жаш жүрөктөр») жана башкалар. Концерттик ырчы катары да белгилүү. Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн 2-он күндүгүнүн катышуучусу (1958). Анын аткаруусунда 500дөн ашык опералардан ариялар, ырлар, романстар Бүткүл союздук
жана Кыргыз радиосунун алтын казынасына жазылган. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз Улуттук филармониясы. Б., 2206.