БЕЛЛИНИ
БЕЛЛИ́НИ Винченцо (3. 11. 1801, Катания, Сицилия – 23. 9. 1835, Пюто, Парижге жакын; кайрадан көмүлгөн жери – Катания, 1876) – италиялык композитор. Музыканттардын үй-бүлөсүнөн (чоң атасы органист жана композитор, атасы дирижёр болгон). 1819–1825-жылдары Неаполдо «Сан-Себастьяно» консерваториясында окуган. 1825-жылы алгачкы «Адельсон жана Сальвини» операсын жазган. Беллини «Бианка жана Фернандо» операсы (1826, «Сан-Карло» театры, Неаполь) менен таанылган. «Бөтөн кыз» (Милан), «Заира»

(Парма; экөө тең 1829), «Капулетти жана Монтекки» (У. Шекспир; 1830, Венеция), «Сомнамбула» жана «Норма» опералары менен чоң ийгиликтерге жетишкен. «Беатриче ди Тенда» (1833, Венеция) операсынын премьерасынан кийин Италияны таштап, Лондонго, андан кийин Парижге келген. Ж. Россининин колдоосунда Ф. Шопен менен достук мамиледе болот. Италиялык труппа үчүн Парижде «Пуритандар» операсын (В. Скотт, 1835) жазган. Бул опера Беллиниге ийгилик алып келген. Опера композитору катары (10 опера) атакка ээ болгон. 20 чиркөө чыгармалары (1825), 7 симфониясы (1821–1824), каприччио жана фортепьяно үчүн полонез (4 кол менен), бир нече ырлары, гобой жана кылдуу аспаптар үчүн концерти сакталып калган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган (1835).