ВАЛЮТА ОПЕРАЦИЯЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛ́ЮТА ОПЕРАЦИЯЛАРЫ – банктардын‚ финансы-кредит мекемелеринин‚ ишканалардын‚ жеке адамдардын сатып алуу-сатуу‚ эсептешүү‚ чет өлкөлүк валютаны кредитке берүү б-ча ишмердиги. В. о. накталай («спот» бүтүмү) же валютаны анык жеткирүүнү курстук айырма алмаштырган учурда төлөмдөрдү эскертилген күндө төлөө (форварддык ж-а фьючерстик бүтүм) ишке ашырылат. Мөөнөттүү келишимдерге, о. эле аутрайт‚ опцион‚ своп кирет. Аны м-н катарлаш В. о-нын камсыздандыруусу – хеджирлөө да өнүгөт.