БЕРЛИОЗ
БЕРЛИО́З Гектор Луи (11. 12. 1803, Франция, Ла-Кот-Сент-Андре – 8. 3. 1869, Париж) – француз композитору, дирижёр. Романтикалык программалуу симфонияны жазуунун баштоочуларынан болгон. Париж консерваториясын бүтүргөн (1830). «Сарданапал» кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алган (1830). Берлио симфониялык музыканы театрлаштырууга умтулган.

Музыкалык формалар, гармония, аспапташтыруу жагына көп жаңылык киргизген. Көрүнүктүү чыгармалары: «Фантастикалык симфония» (1830), «Реквием» (1837), «Ромео жана Жульетта» (1839), «Фаустту айыптоо» (1846) ораториялары, «Троялыктар Карфагенде» экилтик операсы (1855–1859) жана башкалар. Ал Р. Вагнер менен бирге дирижёрлук кылуу боюнча жаңы мектепке негиз салган. «Оркестрдин дирижёру» трактатынын, мемуарлардын автору.