БЕРМЕТЧЕНДЕР
БЕРМЕТЧЕНДЕР – кош капкалуу моллюскалар классындагы бермет пайда кылуучу уруулар тобу. Тузсуз сууларда 2 уруусу жашайт. Раковиналарынын узундугу 12 смге жетет, сүйрүрөөк жумуру, түсү кара. Личинкалары бакалоор көңдөйүндө өсөт. Жылуу деңизде 100 жылга чейин жашайт. Деңизде жашоочу Pinctada уруусунун 10 түрү бар. Раковинасынын узундугу 30 смге чейин. Деңизде 70 м тереңдикке чейин кездешет. Көбүнчө колония түзүп жашашат. Бермет бездери абдан өнүккөн. Раковинада пайда болгон бермет моллюска чоңойгон сайын чоңоет. Берметчендер– илгертен промысел объектиси. Кээ бир өлкөлөрдө атайы өстүрүлөт. Мисалы, Япония жыл сайын 100 тоннага жакын (500 млн даана) бермет алат. Берметчендердин седеп кабаты кооз буюм (топчу, мончок) жасоодо колдонулат.

