БЕРНАР
БЕРНА́Р (Bernhardt) Сара (22. 10. 1844, Париж – 26. 3. 1923, ошол эле жер) –француз актрисасы жана театр режиссёру. Париж консерваториясынын драма классын бүткөндөн кийин, 1862-жылы «Комеди Франсез» театрында сыноодон өткөн. Андан кийин «Жимназ», «Порт-Сен-Мартен», «Одеон» театрларында иштеген. Белгилүү ролдору: Занетто (Коппе, «Жолоочу»), Королева (Гюго, «Рюи-Блаз»), Федра (Ж. Расин, «Федра»), Гамлет (У. Шекспир, «Гамлет») жана башкалар.

Бир нече театрларды, анын ичинен «Сара Бернар» театрын жетектеген. 1872–1880-жылдары Бернар кайрадан «Комеди Францез» театрына келип, жаңы классикалык репертуардагы жаш каармандардын ролун ойногон: Соль айым (Гюго, «Эрнани»), Берта (де Борнье, «Ролланын кызы», 1875), Постумия (Пароди, «Жеңилген Рим», 1876). Америка, Европа өлкөлөрүндө, Россияда гастролдордо болуп, чыгармачылык өнөрүн тартуулаган.