БЕХБУДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 5 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕХБУДИЙ Махмудкожо (10. 3. 1874, Өзбек­стан, Самаркан – 25. 3. 1919, Карши шаары) – Түркстандагы жадиддик козголоңдун жетекчи­леринин бири, өзбек драматургу, журналист, коомдук ишмер. Самаркан медресесин бүтүргөн (1884). 1900-жылы Египет менен Түркияга саякат жа­саган. 1903-жылы Казан менен Уфа шаарында болуп, ан­дагы жадид мектептери менен таанышат. 1904-жылы Самарканда жадид мектебин ачкан. Жадид мек­тептерине арнап «Кыскача жалпы география», «Ислам тарыхы» окуу китептерин, «Түркстан, Бухара жана Хива картасын» бастырып чыгар­ган. Россия империясындагы түрк тилдүү мусул­ман элдерин биримдикке чакырган макалалар жарыялаган. «Россия мусулмандарынын союзу» уюмунун программасын колдогон. 1908-жылы Самар­канда акысыз китепкана ачат. 1911-жылы «Падар­куш» («Ата өлтүргүч») аттуу пьеса жазат. Бул биринчи өзбек драмасы болгон. «Айна» журна­лын чыгарган. 1917-жылы апрелде Ташкен шаарында өткөн мусулмандардын 1-съездине катышат. Ошол жылы 28-ноябрда өткөн Түркстан мусул­мандарынын 4-съездинде Түркстан автономиясы өкмөтүнүн курамына шайланган. Бехбудий 1919-жылы январда Бакуга бара жатканда Бухара эмири­нин бектеринин колуна түшүп, камакка алы­нып, Карши шаарында кыйноо тартып өлтүрүлгөн.

Ад.: Программные документы мусульманских по­литических партий, 1917–1920 гг. Оксфорд, 1985; Ху­дайкулов А. М. Просветительская деятельность джа­дидов Туркестана (конец XIX–начало XX вв.). Т., 1995.