БИЙСЕЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 7 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙСЕЕВ Доктурбек Касымбекович (28. 2. 1960- жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек кыштагы) – бийчи, балетмейстер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2004). 1970– 1979-жылдары Ленинграддагы В. Я. Ваганова атындагы академиялык

хореография окуу жайында окуган, 2002-жылы Кыргыз улуттук консерваториясы­нын балетмейстердик бөлү­мүн бүтүргөн. 1979-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет те­атрынын алдындагы сту­дияда классикалык бийден сабак берет. Л.Минкустун «Баядеркасынан» Солордун, «Дон Кихоттон» Базилдин, А. Адандын «Корсарынан» Бирбантонун, К. Мол­добасановдун «Маңкуртунан» Жуан-Жуандын, «Саманчы жолунан» Жоокердин, В. Власовдун «Аселинен» Байтемирдин, П. Чайковскийдин «Щелкунчигинен» Принцтин, «Ак куу көлүнөн» Шуттун, Э. Жумабаевдин «Саадак кактысы­нан» Жаналгычтын, «Ак кемесинен» Бала­нын, М. Раухвергердин «Чолпонунан» Жин­дин, Т. Хренниковдун «Макбетинен» Банконун жана башка партияларды, Н. Нишановдун «Ак кеп­тер», «Шырдак бий», «Шаман», «Ак куулар», С. Сакеевдин «Саймалуу таш» жана башка концерттик бийлерди аткарган. 1976-жылы Дрезден шаарында, 1981–1991-жылдары Москвада, Минскиде, Ташкенде, Дүйшөм­бүдө, Ригада, Алматыда, Киевде, Ереванда, Санкт-Петербургда, Таллинде, 2002-жылы Америка Кошмо Штаттарында, Түркиянын Анталия шаарында өткөн балет артист­теринин эл аралык конкурстарына, фестивалда­рына катышкан. 1989-жылы Орто Азия республикалары­нын жана Казакстан балет артисттеринин кон­курсунда лауреаттыкты жана Күмүш медалды жеңип алган. 1997-жылы бийчилерди даярдай тур­ган «Бий-Данс» деген балет мектебин ачкан. 2001–2002-жылдары Вена шаарында өткөн «Импульс-Бий» аттуу эл аралык фестивалдын чакыруусу боюнча концерттик программасына катышып, класси­калык бий боюнча сабак берген. Медалдар менен сый­ланган.