БЕЛЬМОНДО

БЕЛЬМОНДО́ Жань Поль (9. 4. 1933-жылы туулган, Нёйисюр-Сен, Парижге – 6. 9. 2021-жыл, Париж) – француз актёру, 1956-жылы Париж консерваториясын (Р. Жирардын драма классын) бүткөндөн кинодо. Ж. Л. Годардын «Акыркы дем» фильми (1960) менен дүйнөгө атагы тараган. Эркин манерадагы күлкү тартуулаган таланты, терең драмалык жөндөмү кино жылдызына зор чеберчилик, шык берди «Чочара», «Модерато кантабиле», «Баканооз», «Ууру», «Борсалино», «Ставиский», «Эң сонун», «Профессионал», «Тагдырдын тамашасы» жана башка фильмдерде ойногон. Бельмондо театр актёру жана продюсер. 1992-жылдан Париждеги «Варьете» театрынын кожоюну болуп турган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган (1991).