БЕНЗИЛХЛОРИД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:45, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЗИЛХЛОРИ́Д , б е н з о л х л о р т о л у о л, C6H5CH2Cl – кескин жыттуу түссүз суюктук. Молекулалык массасы 126,59, эрүү t 39°С, кайноо t 179,3°С; этанолдо , хлороформдо, бензолдо чексиз эрийт: сууда эрибейт. Бензилхлорид сууну кошуп ысытса, акырындык м-н гидролизденип, бензил спиртин C6H5CH2 ОН, ḴСṆ м-н реакцияга кирип, бензилцианидди, аммиак же амин м-н бензил бирикмелерин пайда кылат. Өндүрүштө толуолду ультра-кызгылт көк нурунун таасири м-н хлорлоодон, лабораторияда толуолду ȘÓ2Cl2 м-н хлорлоо же бензолду хлорметилдөө м-н алынат. Безилхлорид боек, бензил спиртин, бензой кислотасынын татаал эфирлерин, бензилцианидди ж. б. алууда колдонулат.