БЕНЗИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 26 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЗИ́Н (фр. benzine) – жеңил углеводороддор­дун аралашмасы; кескин жыттуу, түссүз, 35– 205°Сде кайноочу, суудан жеңил, күйүүчү суюк­тук. Тыгыздыгы 0,70–0,78 г/см3, 60°Сден төмөнкү температурада тоңот, от алуу температурасы 0°Сден төмөн, абада тез бууланат. Буусунун кон­центрациясы абада 74–123 г/м3 болсо, жарылгыч ара­лашманы пайда кылат. Бензин негизинен нефтини крекингдөө же буулантып бөлүүдөн, ал эми аз санда таш көмүрдү, күйүүчү сланецти кайра иш­тетүүдөн, жаратылыш газынан алынат. Кар­бюраторлуу авто ­ж-а авиа кыймылдаткычтар­да отун катары колдонулат; май, каучук, ча­йырларга экстрагент ж-а эриткич. Отун катары пайдаланылуучу бензин автомобиль ж-а авиация үчүн болуп бөлүнөт. Автомобиль бензининин А-72, А-76, АИ-92, АИ-93, АИ-98 (цифралар октан санын билдирет), авиация бензининин Б-100/130, Б-95/130, Б-91/115 (бөлүмүндөгү сан октан санын, алымындагысы – бензиндердин сортунун көрсөткүчү) деген маркалары болот. Детонациялык турук­туулугу анын негизги касиеттеринин бири. Ан­тидетонациялык касиети октан саны м-н туюн­тулат. Октан саны жогорулаган сайын антиде­тонациялык касиети өсөт. Детонациялык ка­сиетин жогорулатуу үчүн бензинге белгилүү өлчөмдө тетраэтил коргошун Pb(C2H5)4 кошулат, к. Мо­тор майлары.