ГРАФИК (геометриялык термин)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРА́ФИК (гр. grophikjs – чийилген) м а т е м а т и к а д а – ийри (түз) сызыктын жардамы м-н функциялык көз карандылыктын тегиздиктеги геом. сүрөттөлүшү. Кандайдыр бир чоӊдуктун (мис., жолдун) башка бир чоӊдукка (мис., убакытка) байланыштуулугун көрсөтүүчү чийме. Мис., у=f(x) функциясынын Г-и абсциссалары х маанисине, ал эми ординаталары у маанисине барабар чекиттерден түзүлөт. Айрым учурда функция Г. түрүндө да берилет. Г-тин түрлөрү көп, ал тегиздикте кайсы координата системасы негиз болуп алынышына көз каранды болот. Көпчүлүк учурда Г. тик бурчтуу декарт координаталар системасында түзүлөт. у=х2 функциясынын Г-и параболаны туюнтат. Эгерде түз сызыктын же айлана жаасынын Г-и берилсе, анда ал туура келүүчү эки же үч чекит б-ча сызгыч же циркулдун жардамы м-н чийилет. Ар кандай Г-ти автоматтык жол м-н кагазга чийүүчү машиналар да бар.