БЕРГЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 27 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РГЕН – Норвегиянын батышындагы шаар, Хордаланн фюлькесинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 291,9 миң (2024); калкынын саны боюнча Ослодон кийинки 2-шаар. Түндүк де­ңизинин жээгиндеги ири порт. Тоңбогон Бю­фьорддун жээгинде жайгашкан. Осло шаары м-н те­мир жол аркылуу байланышат. Эл аралык аэро­порту бар. 1070-жыл чамасында негизделген. 1100-жылы бург (сепил) курулуп, Норвегия королдугунун маанилүү саясий борборуна айланган. Өзгөчө мүнөздөгү чатырлары, короолору ж-а галереялары бар кампа-үйлөр сакталган. Булар Бүткүл дүй­нөлүк мурастын тизмесине кирген. 1350-жылы Түндүк Европанын ири соода борборунун бири. Хакон Vнин король залы ж-а Розенкранц мунарасы (16-кылым), Ыйык Мария базиликасы (12-кылымдын ба­шы), ренессанс стилиндеги Ыйык Крест чиркөөсү бар. Учурда бул курулуштун бир азы (1702-,1855-жылдардагы өрттөн кийин) гана калган. Шаар 19-к­ылымдын орто ченинен эклектика стилинде курула баштаган. Коло эстеликтер (музыканттарга, жа­зуучуларга тургузулган) көп. Деңиз изилдөө институ­ту (1900), университет (1946), университеттик коллеж (1994), экономика, бизнес-административдик (1936) жогорку мекте­би, консерватория, музейлер, театрлар, филар­мония бар. Жыл сайын музыкалык фестивалдар өткө­рүлүп турат. Нефть ажыратуу (жакшы өнүккөн), нефть-химия, балык иштетүүчү, кеме куруу, ме­таллургия, электроника, текстиль, тигүү өнөр­ жай ишканалары бар. Фортепиано жасоочу фабрика (1896) иштейт.