БЕРКЛИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 3 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РКЛИЙ (лат. Berkelium), Bk – актиноиддер­ге кирүүчү радиоактивдүү элемент. Катар номери 97, бир нече изотобу белгилүү. Берклийди 1949-жылы амери­калык окумуштуулар С. Томпсон, А. Гиорсо, Г. Сиборг америций элементин a-бөлүкчөлөрү м-н нурлантуудан алышкан. Беркли шаарында (АКШ) ачылгандыктан, берклий аталган. Туруктураак изото­бу 247Вk. Күмүш түспөл металл, балкып эрүү t 986°C; бирикмелеринде 3,4 валенттүү, к. Актиноиддер.