БЕРТОЛЛЕТ ТУЗУ
БЕРТО́ЛЛЕТ ТУЗУ , х л о р д у у к ы ч к ы л к а л и й, KСlO3 – түссүз, тунук кристалл; сууда эрийт; органикалык заттар м-н аралаштырып сүргөндө күйөт ж-а жарылат. Ал канды ажыратуучу өтө уулуу зат. Кан гемоглобинин метгемоглобинге өткөрүп, кызыл кан денечелеринен тромбдорду пайда кылат. Аны менен ууланганда дем алуу органдары иштебей калат. Медицинада стоматит болгондо, кариести алдын алууда оозду чайкоо үчүн колдонулат. Алгач франциялык химик И. Л. Бертолле бөлүп алган.