БЕТ КЕП (м а с к а)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 4 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БЕТ КЕП to БЕТ КЕП (м а с к а)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТ КЕП , м а с к а – көргө коюлган адамдын бет жапкычы. Ал чоподон, гипстен, алтындан жа­салган. 1958-жылы Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүс­төнүнөн (IV–V кылымдарга таандык) жука тактайдан жа­салган, төрт бурчу жез зым менен бекитилген

табытта башы ба­тышты караты­лып, чалкасынан жаткырылган аялдын сөөгү та­былган. Анын бе­ти алтындан жа­салып, көзүнө акак чөгөрүлгөн каңылтыр Бет кеп менен жабылган. Кийин буга окшогон Бет кептер Алайдагы Жалпак-Дөбөдөн, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн табылган. Кара деңиз, Волга боюнан, Енисейден, Казакстандан жана Орто Азиянын башка аймактарынан кездешиши алардын ортосунда (IV–V кылымдарда) тарыхый-маданий байланыштын болгондугун айгинелейт.