БЕТЕГЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:08, 4 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТЕГЕ (Festuca L.) – дан өсүмдүктөр тукумун­дагы көп жылдык чөп. Түбү катуу болуп түптөн­гөн, көптөгөн, майда ичке сабактуу, сабагынын бийиктиги 10–120 см, жалбырагы ичке, гүлү шы­пыргы топ гүлгө чогулган. Анын 500дөй түрү белгилүү, Кыргызстанда 13 түрү бар. Шалбаа, кызыл ж-а жипчелүү бетегенин чарбалык мааниси чоң. Тоодо, талаада, негизинен мелүүн ж-а суук алкактарда кеңири таралган. Малдын тебелеп от­тоосуна туруштук бергендиктен, жайытта баш­ка өсүмдүктөрдөн басымдуулук кылат. Бетегенин өзгөчө касиети – жазында кар кетери м-н тез өсөт, башка чөптөргө салыштырганда 5–10 күн мурун мал оттоого жарайт. Ал эми күз айында кайрадан алысындап өсүп, мал оттоого өбөлгө түзөт. Бетегелүү жайытка малды эрте жазда жайса, малдын кайсы түрү болбосун жакшы оттойт.