БЕШИК ЫРЛАРЫ
БЕШИК ЫРЛАРЫ – кыргыз оозеки поэзиясындагы лирикалык жанр. Бешик ырлары адам жаралгандан бери ырдалып келе жатат. Бала сооротуу, уктатуу максатында ырдалып, эненин балага болгон мээримин, жакшы тилектерин туюнтат. Баланын музыкага болгон кабылдоосун ойготуп, көркөм табитин өстүрөт. Бешик ырларындагы ар бир куплет же эки сап ырдан кийин «алдей, алдей, бөбөгүм» деп кайталанган ыргактуу саптар анын поэтикалык таасирин, эмоциялык маанайын күчөтөт. Ыр саптары терметилген бешиктин ыргагына ылайык басыңкы, сызылып чыккан обон менен аткарылат. Мисалы:
Бешик ыры (элдик ыр)
Алдей, алдей ак балам,
Арка жөлөөр жан балам.
Кунан койдун куйругу,
Бышты жегин жан балам...