БИОГЕОЦЕНОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕОЦЕНОЛО́ГИЯ (био…, гео… гр. koinos –жалпы, ...логия) – биогеоценоздордун пайда болушун, калыптанышын, функциясын ж-а өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн үйрөтүүчү илим. Бул илимдин негизги максаты – адамдын (коом­чулуктун) чарбалык-экономикалык керектөөсүн ка­нааттандырууда, жаратылыштын закон че­немдүүлүктөрүн эске алуу м-н илимий негизде иш жүргүзүү. Ошондой эле, айлана-чөйрөнү коргоо, жа­ратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, токой, айыл чарба ж-а суу чарба маселелерин чечүүдө мааниси чоң.