БИОИНДИКАТОР
БИОИНДИКА́ТОР (био… ж-а лат. indico – көрсөтөмүн, аныктаймын) – айлана-чөйрөдөгү антропогендик же табигый процесстердеги өзгөрүүлөрдү көрсөтүүчү организмдер. Көпчүлүк организмдер курчап турган чөйрөнүн ар түрдүү таасирине (топурак, суу, атмосферанын химиялык курамы, климаттык шарттар, башка организмдин болушу) өтө сезгич келет. Мисалы, эңилчектер ж-а кээ бир ийне жалбырактуу дарактар абанын тазалыгынын биоиндикатору болот. Кээ бир топурак микроорганизмдери м-н индикатор өсүмдүктөр ар түрдүү кендерди издөөдө жардам берет. Индикатор өсүмдүктөр белгилүү бир экологиялык шарт м-н тыгыз байланышта болуп, табигый байлыктардын ордун, алардын көлөмүн, өлчөмүн ж-а аймак шарттарын таанууда көрсөткүч болушат. Кыртыш астындагы суу, нефть, кен, баалуу тоо тектер кээ бир өсүмдүктөрдүн жардамы м-н табылат. Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү кыртыштын геохимиялык курамын так көрсөтүп, алар топуракта ж-а тоо тектерде металлдар көп болгон жерде гана өсөт. Индикатор өсүмдүктөр аркылуу жер кыртышынын курамы аныкталып, изилдөө иштерине арналган ботаникалык, геологиялык ж. б. көрсөткүч карталар түзүлөт. Суу фаунасы ж-а флорасынын курамына, алардын айрым өкүлдөрүнүн санына карата суунун булгануу даражасы, мүнөзү, ичүүгө, тиричиликте пайдаланууга жарактуулугу, ошондой эле суу тазалоочу курулмалардын натыйжалуулугу аныкталат.