БИОЛОГИЯЛЫК МЕМБРАНАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 10 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОГИЯЛЫК МЕМБРАНАЛАР – клетка­нын, анын ичиндеги бүртүкчө, каналча, ыйлаак­чалардын беттерин каптап турган эң жука түзү­лүштөр. Анын калыңдыгы 100 Áден ашпайт, көбүнчө 3 (ортоңку, биомолекулалык, липиддик ж-а бе­локтук) катмардан турат. Анын кээ биринде липид ж-а белок химиялык байланышта болгон бир аз углевод бар. Ал мембрананын сырткы бетин­де жайгашкан. Клеткадагы зат алмашуу, зат­тарды бир жерден экинчи жерге ташуу, энергия­нын бир түрүн экинчи түрүнө айландыруу, нерв импульстарын пайда кылуу, фагоцитоз ж-а пино­цитоз биологиялык мемебраналардын катышуусу м-н гана ишке ашат.