БЕШИК ҮЙҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 16 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШИК ҮЙҮ (я с л и) – 2–3 айлыктан 3 жашка чейинки балдарды тарбиялоого арналган коом­дук мекеме. Бешик үйү балдардын акыл-эс, дене түзүлүшү жактан бир калыпта өсүшүнө, тарбия­ланышына шарт түзөт. Алардын ден соолугун чыңдоо менен бирге энелердин ар түрдүү чарбалык, маданий жана коомдук жумуштарга катышуусу­на мүмкүндүк берет. Алгачкы бешик үйү XIX кылымда (1913) Россияда, ал эми Кыргызстанда 1974-жылы уюштурула баштаган.