БЕШКЕН
БЕШКЕН (беш ж-а кент – бешкен иран тилинде – кыштак, там, шаар; беш там маанисинде), Т а г а п – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Бешкен айыл өкмөтүнө караштуу. Кожо Бакырган суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 590 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 80 км түндүк-чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 55 км. 1936-жылы отурукташкан. Калкы 4601 (2022); негизинен дыйканчылыкта ж-а тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо эмгектенет. Шарап заводу, орто мектеп, маданият үйү, китепкана, оорукана бар.