БЕШ-ӨРҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 6 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page БЕШӨРҮК to БЕШ-ӨРҮК) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-ӨРҮК , Б е ш к ө р ү к – Чүй облусунун Моск­ва районундагы кыштак. Александровка айыл өк­мөтүнө караштуу. Көнтөй суусунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 676 м бийиктикте жайгашкан. Район­дун борбору ж-а темир жол бекети Беловодский кыштагынан 18 км чыгышта. Кыштак 1930-жылы не­гизделген. Калкы 1385 (2022); негизинен жашыл­ча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, ки­тепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган.