БИРДИК (Тогуз-Торо районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИК – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Көгирим айыл өкмөтүнө караштуу. Көгирим суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгэлинен 1345 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 21 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 431 км. Калкы 1390 (2022); негизинен талаачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Б. Турдубаева туулган.