БИРЮЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРЮЗА́ (персче – фирузе) – фосфаттар тобундагы минерал. Химиялык формуласы CuAl6[РO4]4(OH)8· 4H2O. Триклин сингониясында кристаллданат. Өӊү асман сыяктуу көгүш, көгүлтүр жашыл.

Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5–6. Салыштырма салмагы 2,6–2,8. Бирюза алюминий кычкылы м-н фосфаттарга бай талаа шпаттуу тоотектерине жер бетиндеги жез ж-а иондуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. Чала асылташ катары кооздук буюмдардын жасалгаларында колдонулат.