БЛОК-СХЕМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:38, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛОК-СХЕ́МА (Flowchart) – аракеттерди белгилөөчү блоктор деп аталган жөнөкөй геометриялык фигуралардын ж-а өткөрүү сызыктарынын жардамы м-н алгоритмди көрсөтүүчү долбоорлоо аспабы. Блок-схема 1960-жылы Американын улуттук стандарт институту (ANSI) тарабынан иштелип чыккан. Бул стандарттар бүгүнкү күндө да колдонулууда, анын символдору программанын логикалык тартибиндеги ар түрдүү аракеттерди билгизет. Алгач Блок-схема белгилерин кагазга түшүрүү үчүн калып-үлгүлөр пайдаланылган, азыркы учурда Блок-схема элементтери коммерциялык программалык жабдыкты пайдалануу м-н коюлат ж-а орнотулган Блок-схемаларды өзгөртүү ж-а өркүндөтүү жеӊил аткарылат. Блок-схемаларды түзүүдө структураланган модель колдонулат.