БЛОКАДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:36, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛОКА́ДА (англ. blockade – камалоо) – 1) кандайдыр бир талаптарды аткарууга мажбурлоо максатында камалоого алынган мамлекетти курчоого алуу жана тышкы байланыштарын үзгүлтүккө учуратууга багытталган саясий жана экономикалык мүнөздөгү иш-чаралардын системасы. 2) Согуштук Блокада – объектти (аскерлер тобун, шаар, мамлекетти ж. б.) кургактыктагы, аба жана деӊиз байланышын үзгүлтүккө учуратуу аркылуу камалоого алуу. Блокаданын максаты – камалоого алынган объектти алсыратып, багынып берүүгө мажбурлоо, жоолашкан мамлекеттин аскердик экономикалык кубаттуулугун начарлатуу болуп саналат.