ДЕЛЬТАПЛАНЕРИЗМ
ДЕЛЬТАПЛАНЕРИ́ЗМ – авиация спортунун эркин учууга негизделген түрү. Мында учуп-конуусу адамдын буту м-н башкарылган дельтаплан колдонулат. Дельтапланда учуунун дүйнөлүк рекорду 20 саат. Мелдеш учуу узактыгы

ж-а белгиленген чекке дал түшүү боюнча жүргүзүлөт. 1976-жылы Дельтапланеризм боюнча Эл аралык комиссия (СИВЛ) негизделип, Эл аралык авиация федерациясына кирген. Бул спорттун түрү боюнча дүйнөнүн ж-а Европанын чемпионаттары 1977-жылдан кезеги м-н өткөрүлөт.