ГРИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИМ (фр. grime – маскарапоз чал, эски италянча grimo – бырыштуу дегенден) – ар кандай боёк, пластика, жасалма сакал-мурут, чач ж. б. жабыштыруу м-н актёрдун кебетесин, асыресе бет түзүлүшүн өзгөртүү өнөрү. Г-дин өзүнчө өнүгүү тарыхы бар. Театрдагы Г-дин мүнөзү пьесадагы образдын идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө, актёрдун негизги оюна, режиссёрдун концепция-

1. Гримделбеген бет. 2. Терс каарман кемпирдин грими. 3. Орто жаштагы аялдын грими. 4. Жаш кыздын грими (КРдин эмгек сиӊирген артисти Т. Бообекова).

сына, спектаклдин жасалгалануу стилине жараша болот. Г-ге портреттик мүнөздүү белгилерди түзүүдө кайрылышат. Ал эми кинодогу Г. оператордун техникасына, жарыкка, плёнкага ылайык өтө кылдат пайдаланылганы м-н өзгөчөлөнөт. Г. өнөрү кыргыз театрларында 1929-жылдан өнүгө баштаган. Бул ишке артисттер К. Эшимбеков, М. Кыштообаев ж. б. катышып келген. Г. өнөрү б-ча кыргыздын туӊгуч адиси – А. Сманалиев. Түстүү кинотасмалардын, кинооптиканын жаӊы түрлөрүнүн өнүгүшү гримчи-сүрөтчүлөрдүн алдына жаӊы милдеттерди койгон. СССР кинематографисттер союзунун мүчөлөрү Э. Котова, В. Белякова «Менин жаӊылыштыгым» (1957), «Токтогул» (1957), «Жоро» (1964), «Биринчи мугалим» (1965), «Бакайдын жайыты» (1966), «Саманчынын жолу» (1967), «Караш-караш окуясы» (1969), «Ак Мөөр» (1969), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» (1971), «Уркуя» (1972), «Көчө» (1972), «Ак кеме» (1975) сыяктуу кыргыз фильмдерине гримчи-сүрөтчү катары салым кошкон.