ДЕМИУРГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМИУ́РГ (гр. demiurgos – уста, кол өнөрчү, жаратман) – 1) Байыркы Грекиядагы кол өнөр­чүлөр, эркин кесиптеги адамдар; 2) Платондун философиясында түзүүчү, алгачкы башталма. Д. дүйнөнү «жок нерседен» жараткан деген хрис­тиандык Кудайдан айырмаланып, реалдуу дүй­нөнү алгачкы хаостон же затбашаттан жарат­кан делет; теологияда Д. – Кудай, дүйнөнү жа­ратуучу деп кабылданган.