ДЕМОБИЛИЗАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОБИЛИЗА́ЦИЯ (де... ж-а лат. mobiliser – кыймылдуу дегенден) – куралдуу күчтөрдү ж-а чарбанын бардык тармактарын согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү. Демобилизация аскер кызматын­дагыларды куралдуу күчтөрдөн бошотуу, курал­дуу күчтөрдүн санын азайтуу, аскер өндүрүшүн кыскартуу, эмгек ж-а финансы фондусун кайра бөлүштүрүү, транспорт, байланыш, илимий уюмдар ж. б. иштерин өзгөртүүнү камтыйт. Демобилизация мамлекеттик жогорку бийликтин чечими м-н жүргүзүлөт.