ДЕМОС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́МОС (грекче demos – эл) – кеӊири маанисинде Байыркы Грекиядагы толук жарандык укукка ээ эркин эл (метек, периэк, кулдар жана башка калк­тын укуксуз катмарларынан айырмаланат). Гомердик (биздин заманга чейинки XI–IX кылымдар) жана архаикалык (биздин заманга чейинки VIII–VI кылымдар) доордо грек ак сөөктөрүнүн евпатрид­дерден айырмаланган жөнөкөй эл массасы. Биздин заманга чейинки VI–V кылымдарда кыштак эли, ошондой эле шаар калкы­нын бир бөлүгү (кол өнөрчүлөр, соодагерлер), ал эми биздин заманга чейинки V кылымдын аягы – IV кылымда нукура ке­дейлер (көбүнчө шаардыктар) Демос деп аталган.