ДЕӉГЕНЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕӉГЕНЕ – бир нече адам бычылган баасына жандык алып, чогуу тамактануу жөрөлгөсү. Жамааттык мамилелер өкүм сүрүп турганда пай­да болсо керек. Д-ге эркектер гана катышып, шарт б-ча ортого кой, эчки, торпок чыгарып союп жешкен. Д-нин катышуучулары малдын баасын теӊ төлөп беришкен. Кийинчерээк, союл­ган этти бирдей өлчөмдө бөлүп алышкан.