ДЕӉИЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫ
ДЕӉИЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫ (Acteroidea) – омурткасыз деӊиз жаныбарларынын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Денеси 5, кээде көп (50гө чейин) нурчалуу жылдыз түспөлдөнүп кетет. Диа-

1 смден 1 мге чейин. Көпчүлүгү ачык түстө. Скелет пластинкалары ийнелүү, кылкандуу, тикенектүү. Денесинин кетилген, жоголгон жерлерин оӊой калыбына келтирет. Д. ж-нын 8 түркүмүнүн 1,5 миӊден ашык түрү белгилүү. Деӊиз, океандардын 10 кмге чейинки түбүндө тереӊдикте кездешет. Айрым жыныстуу. Личинкалары эркин сүзөт, көбү жумуртка, кай бирлери тирүүлөй тууйт. Моллюскалар ж-а суу түбүндөгү омурткасыз жандыктар, балыктар м-н азыктанат. Бутчаларынын жардамы м-н жылат. Көбүрөөк белгилүүлөр – кычкачтуу, тарактуу, эбелектүү ж. б. Д. ж.