ДЕСНА
ДЕСНА – Россия м-н Украина аймактары аркылуу аккан дарыя, Днепрдин сол куймасы. Уз. 1130 км, алабынын аянты 88,9 миӊ км2. Смола-Москва дөӊсөөсүнөн башталып, Канев суусактагычына куят. Жогорку агымында жээгинин көбү жапыз ж-а саздуу, Брянск ш-нан төмөн карай оӊ жээги көтөрүӊкү. Сейм д. куйгандан кийин дарыя көп салааларга бөлүнүп, нуктарды пайда кылат. Орт. чыгымы 360 м3/сек. Декабрдан майдын башына чейин тоӊот. Новгород-Северский ш-нан тартып үзгүлтүксүз кеме жүрөт. Боюнда Ельня, Жуковка, Трубчевск, Чернигов ж. б. шаарлар жайгашкан.