ДЕТЕКТИВ ФИЛЬМ
ДЕТЕКТИ́В ФИЛЬМ – чалгынчылар, кылмыштарды тергөө, мамлекеттин чыккынчылары ж-дөгү кино өнөр чыгармалары. Алгачкы Д. ф. «Бир кылмыштын тарыхы» (реж. Ф. Зекк, 1901) фильми болгон. Анда кылмыш жасоо, кылмышкерди кармоо ж-а жазалоо сценалары көрсөтүлөт. Көп сериялуу фильм (сериал) ушул сыяктуу сюжеттерди кеӊири пайдаланган. Фр. реж. В. Жассе 1908–09-ж. тарткан тыӊчы Нике Картер ж-дөгү фильми негиздөөчү катары белгилүү. Андан кийин Л. Фейаддын «Фантомас» (5 сериялуу, 1913–14), «Жюдекс» ж-а «Жюдекстин жаӊы тапшырмасы» (1916–17, ар бири 12 сериядан) фильмдери тартылган. 1940-жылдарда Д. ф. турмушка жакындаштырылып, «полиция документтери» деп аталган Д. ф-дер чыгарылган. Алар көп учурда чыныгы фактыларга, даректүү жыйынтыктарга негизделген: «Нортсайд 777ге чалгыла» (реж. Хатауэя, 1948), «Бумеранг» (реж. Ж. Дассен, 1947; экөө теӊ АКШ) ж. б. фильмдер. 1960–70-жылдарда Д. ф-дин сюжеттик структурасы саясий кинодо колдонулган: «Граждандын ишин шек саноосуз тергөө» (реж. Э. Петри, 1969), «Улуу даражалуу өлүктөр» (реж. Ф. Рози, 1976) – экөө теӊ Италия; «Өмүрдөн да артык акы» көп сериялуу телефильми (реж. Я. Моргенштерн, А. Кониц, Польша, 1969), «Ар бир километрде» (реж. Л. Шарланжиев, Н. Чернев, Болгария, 1969) ж. б. Сов. кино иск-водо
Д. ф. кеӊири орун алган. Кино үчүн милиция, чалгындоо органдарынын, душмандын тылында иштеген чалгынчылардын иштери ж. б. материал болгон. «Жекеме жеке» (реж. В. Г. Легошин, 1945), «Чалгынчынын баатырдыгы» (реж. Б. В. Барнет, 1947), « Жаздын 17 көз ирмеми» (реж. Т. М. Лиознова, 1973, 12 сериялуу), «Транссибирь экспресси» (реж. Э. М. Уразбаев, 1978), «Жолугушуучу жерди алмаштырбайт» (реж. С. Говорухин, 1979), Кырг-нда «Бөрү зындан» (реж. Б. Шамшиев, 1984) ж. б. Д. ф-дер белгилүү.
Ад.: Колодяжная В. С. Советский приключенческий фильм. М., 1965; Кино: Энциклопедический словарь. М., 1986. Н. Жылдызова.