ДЕТЕРМИНИЗМ
ДЕТЕРМИНИ́ЗМ (лат. determino – аныктайм) – жаратылыш м-н коомдогу бардык кубулуштардын жашап турушу, кыймыл-аракеттери, өз ара байланыштары ж-а себептүүлүк м-н шартталгандыгыж-дөгүфилос.окуу.Себептүүлүктөрдүн, шарттуулуктардын маани-мазмундарынын көп тараптуулугу Д-дин ар түрдүүлүгүн аныктайт. Дүйнөдөгү болуп жаткан процесстердин, а. и. адам жашоосундагы окуялардын себептерин Кудай м-н байланыштырган окуулар же баары алдын ала аныкталып коюлган деген «тагдыр» тууралуу окуулар — теол. Д., жаратылыштагы себептүүлүктөр м-н шартталыштар тууралуу окуулар – космостук Д., адам эрктериндеги себептүүлүктөргө арналган окуулар – антропол. Д. ж. б. Д. кайсы бир кырдаалда фатализмге өтүп кетиши ыктымал. Д. термини – себептүүлүктүн бүт жалпы мүнөзүн танган индетерминизмдин карама-каршысы.