ДЕШИФРАТОР
ДЕШИФРА́ТОР (фр. dechiffrer – чечмелөө, чечүү) – шарттуу белги (код, шифр) м-н берилген билдирүүлөрдү чечмелеп, андагы кабарды кабыл алуучу системанын тилине которуп берүүчү электрондук түзүлүш. Д. телемеханикада, эсептөө техникасында (коддорду чечмелөөчү, көрсөтүлгөн чоӊдуктарды өзгөртүүчү түзүлүштөрдө), радио ж-а өлчөөчү техникаларда (детекторлордо, демодуляторлордо), телефон ж-а телеграф байланыштарында колдонулат.