ДИАЛЕКТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЛЕ́КТИКА (гр. dialektike – аӊгеме жүргүзөм, ой калчайм, сөзмө-сөз — аӊгемелешүү, маек куруу чеберчилиги) – дүйнөнү таанып-билүүнүн жалпыга таандык методологиясы ж-а теориясы. Антикалык философияда дүйнөдөгү бардык нер­селер тынымсыз өзгөрүү абалында экенин, мын­дай аккан дүйнөнүн өнүгүүнүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына өтүүчү ролун көрүшкөн. «Д.» терминин алгачкы жолу элейлик философ Зе­нон колдонгон. Аристотелдин өзүнүн ырастоо­сунда Д. – бул талаш-тартыштын каражаты м-н же карама-каршы пикирлерди талкууга алуу жолу м-н акыйкатка жетүү өнөрү. Гегелдин Д-сында ар бир нерсе өзүнө-өзү теӊ, ж-а ошол эле убакта ал өзү-өзүнө барабар эмес, ал бир түрдүү, бүтүн да, ошол эле учурда көп тарамдуу, татаал түзүлүш да, бир жагынан өлбөс-өчпөс, түбөлүктүү болсо, ошону м-н бирге өтүп кетүүчү, убактылуу, утурумдук көрүнүш. Ошондон улам Д. дүйнөнү таанып-билүүнүн баарына таандык филос. жалпы методологиясы болуп эсептелет. Философиянын тарыхында «Д.» термининин айланасында ар түрдүү чечмелөөлөр, түшүндүр­мөлөр болуп келген: бир даары аны «диалог өнөрү» десе, да бирлери карама-каршы пикир­лерди күрөштүрүү жолу м-н акыйкатка жетүү (Сократ), же нерселердин маӊыздарынын сезим чегинен тышкаркы (идеалдуу) жагына жетүү максатында түшүнүктөрдү бөлүк-бөлүктөргө бөлүү ыгы ж-а байланыштыруу жолу (Платон), нерсени толук бойдон, абсолюттуу билүүгө ки­ришүүнүн жүрүшүндө сөзсүз болуучу каршылык­тардын натыйжасында улам келип чыккан адам акыл-эсинин бурмаланган түшүнүгүн бузуп-кый­ратуу ыкмасы (И. Кант. «Трансценталдык Д.») деп эсептешкен. Ал эми Г. В. Ф. Гегель филосо­фиянын тарыхында баарын кеӊири камтыган Д-нын жалпы, универсалдуу системасын бирин­чи жолу жараткан. Т. Абдылдабеков.