ДИАЛИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИА́ЛИЗ (гр. diflysis – бөлүнүү, ажыроо) – жа­рым өткөргүч мембрананын жардамы м-н эрит­мелердеги коллоиддик бөлүкчөлөрдү ж-а ири мо­лекулалуу бирикмелерди бөлүү ыкмасы. Бөлүнө турган заттар мембранадан ар түрдүү ылдамдык­та өтөт. Ошондуктан талдоо диффузия закондо­рунун негизинде жүрөт. Аны жүргүзүү үчүн та­залануучу коллоиддик эритмелер м-н эриткич­тин ортосунда жарым өткөргүч мембрана кою­лат. Ал электролиттердин иондорун эриткичке өткөрүп, коллоиддик бөлүкчөлөрдү өткөрбөй то­суп калат. Эриткичтин молекулалары мембрана аркылуу коллоиддик эритмелерге өтөт. Бул про­цесстин ылдамдыгы коллоиддик эритмелер та­заланган сайын төмөндөйт. Жарым өткөргүч мем­браналар нитро­же ацетатцеллюлозадан ж. б. полимерден даярдалат. Целлофан, пергамент кагаздарын пайдаланууга да болот. Д. механ. ж-а электрдик болуп бөлүнөт. Д. электр тогунун жардамы м-н жүрсө электрдиализ деп аталат. Ал көп технол. процесстерде физ.-хим. ж-а биол. изилдөөлөрдө, о. эле медицинада колдонулат.