ДИАМАГНЕТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАМАГНЕТИ́ЗМмагнетизмдин бир түрү; заттардын тышкы магниттөөчү талаанын багы­тына карама-каршы магниттениши. Нерсени магнит талаасына жайгаштырсак, электр-маг­ниттик индукция законунун негизинде анын ар бир атомунун электрондук кабыкчасында ин­дукцияланган туюк ток пайда болот. Бул ток ар бир атомдо Ленц эрежеси б-ча тышкы маг­нит талаасына багытталган индукциялык маг­нит моментин пайда кылат. Д-дүү зат диамаг­нетик деп аталат.

Ад.: Вонсовский С. В. Магнетизм. М., 1971.